Ош шаарында 150 орундуу заманбап перинаталдык борбордун курулушу башталат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, бир күн мурун кытайлык China Road курулуш компаниясы менен келишим түзүлгөн. Объекти 2,5 жылдын ичинде облустук бириккен клиникалык оорукананын аймагына куруу пландалууда.
Келечектеги борбор төмөнкүлөргө арналган:
60 төрөттөн кийинки орундар;
Кош бойлуулук патологиясы бөлүмүндө 38 орун;
Реанимациядагы чоңдор үчүн 7 керебет;
Калыбына келтирүү үчүн 5 орун;
Жаңы төрөлгөн балдар үчүн 28 реанимация керебети;
«Эне жана бала» системасы боюнча 16 орун.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, борбордун курулушу акушердик, гинекологиялык жана неонаталдык жардамдын сапатын жакшыртат, болгон мүмкүнчүлүктөрдү бошотот жана аймактагы бейтаптарды маршрутизациялоо системасын бекемдейт.
"Биз подряддык уюмдан бардык техникалык талаптарды жана сапат стандарттарын так сактоону күтөбүз. Куруу иштери жогорку деңгээлде аткарылып, объект белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берилүүгө тийиш. Министрлик курулуштун жүрүшүн тыкыр көзөмөлдөйт",-деп белгиледи саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Манас Токтомуратов.