Бул аптагы матчтардан кийин ФИФА 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алган 18 команданы аныктады. Тунис — турнирге катталган акыркы команда болду.
Дүйнө чемпиондугуна 18 команда мөөнөтүнөн мурда жолдомо алышты:
Үй ээлери (3 команда): АКШ, Мексика, Канада
Азия (6 команда): Австралия, Иран, Япония, Иордания, Түштүк Корея, Өзбекстан.
Түштүк Америка (6 команда): Аргентина, Бразилия, Колумбия, Эквадор, Парагвай, Уругвай.
Океания (1 команда): Жаңы Зеландия
Африка (2 команда): Марокко, Тунис
Африканын алгачкы өкүлдөрү 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына жолдомо алышты. Марокко дүйнөдөгү негизги футбол турнирине катышуу укугун алган континенттен биринчи команда болду. Кечээки беттештердин жыйынтыгында Африка дагы бир өкүлү — Тунистин катышуусун тастыктады.
Эске салсак, 2026-жылы дүйнө чемпионатында биринчи жолу 48 команда ат салышат. Аргентина дүйнөлүк чемпионатты коргойт.