07:03
USD 87.45
EUR 102.47
RUB 1.03

«Биримдик-Кут» жаңы конушунда 750 орундуу мектеп курулат

Бишкектин Свердлов районуна караштуу Лебединовка айылындагы «Биримдик-Кут» жаңы конушунда 750 орундуу жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Фото Мектептин долбоору

Маалыматка ылайык, долбоор Сауд өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө ишке ашырылууда.

Долбоордо билим берүү мекемеси үч кабаттуу окуу корпусунан жана эки блоктон турат деп каралган. Жалпы аянты 8705 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштеринин башталышы 2026-жылга белгиленген.

Мектеп «Биримдик-Кут» турак-жай комплексинен жана коңшулаш «Айкөл» турак жай комплексинен окуучуларды кабыл ала алат.

Эң көп окулган жаңылыктар