Аптанын экинчи жарымында Бишкекте ачык жана жылуу аба ырайы сакталат. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.
11-сентябрда өзгөрүлүп турат. Абанын температурасы түнкүсүн +15 градуска чейин төмөндөп, күндүз +27 градуска чейин жылыйт.
12-13-сентябрда ачык болот. Түнкүсүн бир аз суук болуп +12 градуска чейин жылуу болсо, күндүз +32 градус жылуу болот.
14-сентябрда бир аз булут каптап турат. Түнкүсүн дагы +12 градуска жакын, күндүз термометр +29 градуска чейин гана көтөрүлөрүн убада кылышууда.