06:00
USD 87.45
EUR 102.31
RUB 1.04

Ош шаарында унаа токтоочу жайы жок кафелер жарыксыз, суусуз калат

Ош мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Ош мэриясынын басма сөз кызматы. Ошто унаа токтоочу жайы жок кафелер жарыксыз, суусуз калат

Ош шаарынын борборунда коомдук тамактануу жайлары жеке унаа токтотуучу жайларды курууга милдеттүү, антпесе электр жарыгы, суусу өчүрүлөт. Бул тууралуу түштүк борбордун мэри Жеңишбек Токторбаев шаардык кеңештин сессиясында билдирди.

Анын айтымында, талап биринчи кезекте шаардын так ортосунда жайгашкан «Исламбек», «Атабек», «Жаңы-Доор» сыяктуу кафелерге тиешелүү.

«Биз буга чейин кафе ээлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Эгерде алар унаа токтотуучу жайларды курбаса, электр жарыгын өчүрөбүз. Тилекке каршы, айрымдары биздин эскертүүлөрүбүздү аткарышкан жок. Аларды электр энергиясынан өчүрүүгө аргасыз болобуз», — деди мэр.

Мэр шаардын борбордук бөлүгүндөгү кафе-ресторандардын иштеши үчүн унаа токтотуучу жайдын болушу милдеттүү шарт экенин баса белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар