23:12
USD 87.45
EUR 102.31
RUB 1.04

ЖК депутаты Ош онкологиялык ооруканасынын шартын жакшыртууга чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Ош онкологиялык ооруканасынын шартын жакшыртууга чакырды. Бул тууралуу бүгүнкү парламенттин жалпы жыйынында Нилуфар Алимжанова билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, ал татаал дартка чалдыккан балдар дарыланып жаткан ооруканага барды.

«Оорукананын абалы абдан начар. Орун жоктугунан бир палатада беш бала жатат. Ал эми алардын ата-энесин эсептеп көрсөк, бир палатада он адам бар, ал эми стандарт боюнча бир палатада экиден адам болушу керек. Бул туура эмес», — деди Нилуфар Алимжанова.

Ал кошумчалагандай, ооруканада бейтаптар үчүн дары-дармектер жетишсиз.

«Мен муну өз көзүм менен көрдүм, «Кыргызфармация» ишканасы дары-дармек менен камсыз кылбайт, бул маселени карап чыгууну суранам», — деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар