Бүгүн, 8-сентябрда күндүз жана 9-10-сентябрда Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.