Бишкектеги бала бакчалар жаңы иштөө режимине өттү. Бул маалыматты 24-kg.com агенттигине борбор калаанын билим берүү башкармалыгынан тастыкташты.
Ведомствонун өкүлдөрүнүн айтымында, министрлер кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы токтому менен бекитилген жаңы мамлекеттик стандарттын негизинде мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 10 сааттык иш күнү болот.
Балдар саат 8:00дөн 18:00гө чейин бала бакчаларда болушат.
Белгилей кетсек, мурдыгы Кыргыз Республикасынын «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарга кам көрүү» мамлекеттик стандарты 11 сааттык топторду камтыган. Окуучуларды кабыл алуу саат 7:30дан баштап жүргүзүлүп, балдарды саат 18:30га чейин болчу.
Кээ бир ата-энелердин айтымында, азыр жумушка барганга үлгүрбөй жатышат.
Мектептер боюнча графикке келсек, класстык штаттык толуктоо аяктагандан кийин маалымат берилерин ведомстводон белгилешти.