05:41
USD 87.45
EUR 102.17
RUB 1.07

Акыйкатчы жоокер жана аскер кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоого чакырды

КРнын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдарды жоокерлердин жана аскер кызматкерлеринин укуктарын сактоого жана коопсуздугун камсыздоого чакырат. Бул тууралуу Акыйкатчылыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчы институту 2025-жылы мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик чакыруунун жазгы өнөктүгүнө өлкө боюнча 25 аскер комиссариаттарына мониторинг жүргүзүп, бир катар олуттуу кемчиликтерди аныктады.

Мониторинг Бишкек жана Чүй облусундагы аскер комиссариаттарын толук камтып, калган 6 облуста тандалма жүргүзүлдү.

Натыйжада аскерге чакыруу учурунда медициналык кароодон өткөрүү тартиби бузулган учурлар бар экени аныкталды. Айрым комиссариаттарда дарыгерлер жетишсиз экени белгилүү болду.

Мисалы, мониторинг учурунда Свердлов райондук аскер комиссариаттарында адистештирилген дарыгерлердин жоктугунан башкы дарыгер (терапевт) калган адистердин ордуна кол коюп, аскерге жарактуулугун тастыктап жаткан. Ленин, Жайыл жана Сокулук райондук аскер комиссариаттарында хирург, офтальмолог, дерматолог, невролог жок болгон. Жайыл райондук аскер комиссариатына мониторинг учурунда медициналык кароону психиатр жана медайым гана өткөрүп жаткан. Бул кемчиликтерден улам саламаттыгында олуттуу көйгөйлөрү бар жигиттер да аскерге жөнөтүлүп, кызмат өтөө учурунда ден соолугу начарлап, оор кесепеттерге алып келген учурлар кездешет. Мисалы, 2024-жылдын 30-октябрында Сузак райондук аскер комиссариаты тарабынан чакырылган Б.Б.У. аттуу жаран медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүп, аскердик кызматка жарактуу деп табылган. Армияга келгенден кийин 4 күн өтпөй жүрүм-туруму өзгөрүп, ал Республикалык психиатрия жана наркология борборуна жаткырылып, андан «шизофрирениянын симптомдору менен курч психикалык бузулуу» дарты аныкталган. Алсак, 2025-жылдын жазгы чакырылышында медициналык кароодон ийгиликтүү өткөн жоокерлердин арасынан төртөөнүн мурдагы өнөкөт оорулары күчөгөндүгүнө байланыштуу, кайра медициналык кароодон өтүп, «кызмат өтөөгө жараксыз» деп табылган", — деп жазылат маалыматта.

Кошумчалангандай, Акыйкатчлык Коргоо министрлигинин аскер госпиталына дагы мониторинг жүргүзгөн.

Быйыл сегиз айда Коргоо министрлигинин аскер госпиталына жалпысынан 783 адам кайрылса, анын 114ү катардагы жоокерлер. Январь-июль айларында 8 аскер кызматкери жаракат алган. Алардын алтоонун буту, бирөөнүн сол тарабындагы 4-5 кабыргасы жана дагы бирөөнүн омурткасы сынган. Дагы 2 жоокер күйүк алып госпиталга түшкөн. Андансырткары, ар кандай травматикалык контузия жана башка жаракаттар менен дагы дарыланышкан.

Акыйкатчы институту Коргоо министрлигине аскердик дарыгерлер комиссиясынын курамын тийиштүү адистер менен толуктап, толук кандуу медициналык кароонун уюштурууга чакырып кат жолдогон.

Эң көп окулган жаңылыктар