01:34
USD 87.45
EUR 102.17
RUB 1.07

Жаратылыш ресурстар министринин жаңы орун басарлары дайындалды

Жаратылыш ресурстар министрлиги
Фото Жаратылыш ресурстар министрлиги. Министрдин жаңы орун басарлары дайындалды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев министрликтин жамаатына жаңы жетекчилерди тааныштырды.

«Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 18-беренесине ылайык:

Жусупбеков Болот Жаныбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары болуп дайындалды;

Мусаев Алмаз Мустафаевич Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары болуп дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар