Белгилүү укук коргоочу Азиза Абдирасулова Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу анын кызы Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.
«Менин ата-энем Кыргызстанда! Бул маселе азырынча саясатташып же бурмаланып кетпеши үчүн өзүм жазууну чечтим, анткени алардын кайтып келишин мен демилгелегенмин», — деп жазган укук коргоочу.
Анын айтымында, эми ата-энеси өзү үй салып берген атасынын айылында жашайт.
«Ошол эле учурда мен атам үчүн ооруканаларды издеп, анализ тапшырып, керектүү дарыгерлерди издеп жүрдүм... Чыдамдуулуктун жана каржынын жетишсиздигине байланыштуу бир катар сыноолордон өттүм. Алдыда дагы бир сыноо турат — атама өтө оор операция жасатуу керек», — деп белгиледи Гүлшайыр Абдирасулова.
Эске сала кетсек, Азиза Абдирасулов 2024-жылдын декабрь айында ында Кыргызстандан чыгып кеткен. Анда президент Садыр Жапаров үчүнчү Элдик Курултайда сүйлөп жатып, айрым маалымат каражаттарын жана Азиза Абдирасулова негиздеген «Кылым шамы» укук коргоо уюмун сындагандан эле. Укук коргоочу мамлекет башчынын сөзүнөн кийин коркутуулар боло баштаганын билдирген.
Кийинчерээк министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кырдаалга токтолуп, укук коргоочуга өлкөдө эч кандай коркунуч жок экенин, ал мындан ары үй-бүлөсү менен тынч жашаса болорун билдирген.