Жердин атмосферасынан өткөн күн нуру чачырагандыктан Ай кочкул кызыл түскө ээ болот: кыска көк толкундар бурулуп, спутникке узун кызыл толкундар жетет.
Белфасттагы Queen’s университетинен астрофизик Райан Миллиган: «Бул Айга кандуу түс берет» деп түшүндүрдү. Бул көрүнүш Азияда, анын ичинде Индия менен Кытайда, Африканын чыгышында жана Австралиянын батышында байкалат.
Буга чейинки айдын толук тутулуусу ушул жылдын март айында болгон. Ал эми ага чейин 2022-жылы болгон. Жекшембидеги кубулушту окумуштуулар келерки жылдагы сейрек учуроочу окуянын «прологу» деп аташат: 2026-жылдын 12-августунда Күндүн толук тутулуусу болуп, аны Испания менен Исландияда көрүүгө болот.