Чүй облусунун Москва районунда жер мафиясы делгендердин коррупциялык ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Атайын кызмат тарабынан Москва районунун Нарзан айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Москва району боюнча бөлүмүнүн мурдагы жана иштеп жаткан кызмат адамдары жетектеген «жер мафиясы» деп аталган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Жасалма иш кагаздардын негизинде жалпы аянты 16,84 га болгон айыл чарба багытындагы жер тилкелери мамлекеттин менчигинен мыйзамсыз чыгарылып, К.Т.К.нын жана ага тиешелүү болгон тараптардын пайдасына жеке менчик жерлери катарында таризделген.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, кылмыштуу схеманын уюштуруучучу К.Т.К. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.