Жер-суу көзөмөлдөө кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан Ноокен районунун Эргеш Алиев жана Сакалды айыл аймактарынын аймагында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар айыл чарба жерлери жеке жактарга 49 жылдык мөөнөткө мыйзамсыз ижарага берилгени аныкталган.
Мурдагы айыл округ башчылары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан корутундуларды албай туруп, бул жер тилкелерин «айыл чарбасына жараксыз» деп каттап, мыйзамдын талаптарын бузуу менен ижарага алышкан. Ал арада жеринде текшерүүнүн жыйынтыгы бул жерлер айыл чарба иштерин жүргүзүүгө толук ылайыктуу экенин тастыктады.
Учурда күчүн жоготкон Жер кодексинин талаптарынын негизинде жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында ижарачылар жер тилкелерин мыйзам бузуу менен алганын түшүнүшүп, жалпы аянты 3,1 га болгон жер тилкелерин өз ыктыярлары менен мамлекеттин менчигине кайтарып беришкен.
Бул иштер айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамдуу пайдалануу жана жер мыйзамдарын сактоо максатында жүргүзүлүүдө. Мындай иш-чаралар системалуу түрдө жүргүзүлөрүн Жер-суу көзөмөлдөө кызматы билдирди.