Ош шаарында Алимбек датка менен Курманжан датканын бейитине жаңы күмбөз курула баштады. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-сентябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Сары мазар көрүстөнүндөгү Алымбек датка менен Курманжан датканын бейитине барды. Калаа башчы дин өкүлдөрү жана даткалардын урпактары менен жолугуп, көрүстөндө кан чыгарып, куран окулду.
Белгиленгендей, жаңыдан курула турган күмбөздүн долбоорун талкуулашып, бүгүнтөн тарта тийиштүү иштер башталды.
"Бул иштерге УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жеке эсебинен акча каражат бөлүп, күмбөздөрдү жаңыдан курдуруп бермей болушту",-деп айтылат маалыматта.