Ош облусунун Кара-Суу районунун прокуратурасы Манас айыл өкмөтүндөгү 2 миң 475 гектар жер тилкеси жеке жактарга мыйзамсыз сатылып кеткенин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, Манас айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан баасы 229 млн 750 миң сомду түзгөн кыш завод 2.475 га жер тилкеси менен биргеликте мамлекеттин менчигине кайтарылды