УКМК Бишкектин Ленин району боюнча Салык кызматынын кызматкерлери жеке ишкерлер менен сүйлөшүп алып, милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуунун коррупциялык механизмин түзүшкөнүн билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, «Опузалап пара алуу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын башчысы А.Т.Т.га акча каражаттарын өткөрүп берүүнүн бир топ фактылары аныкталган.
Мындан тышкары, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө салык төлөөчүлөрдү текшерүү бөлүмүнүн башкы инспектору Ж.Д.нын берген көрсөтмөсүнө ылайык A.T.T. тарабынан мамлекеттик бюджетке салыктык чегерүүлөрдүн көлөмүн азайтып бергендиги үчүн «Т» ЖЧКнын өкүлдөрүнөн 5 миң доллар өлчөмүндө пара алынган.
Жыйынтыгында А.Т.Т. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда салык кызматынын тутумундагы коррупциялык схеманы жоюуга, ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар уланууда.