Жамиля Жаманбаева мектеп рэкетчилигинин алдын алууда малекеттик органдардын биргелешкен иш-аракеттери, профилактикалык иш-чаралар жана мектеп менен укук коргоо органдарынын тез реакциясы талап кылынарын белгиледи.
Акыйкатчы Институтуна 38-жаштагы О.А. аттуу Ош облусунун тургуну кайрылып, 2012-жылы туулган уулу О.Б.нын укугун коргоп берүүнү өтүнгөн. Уулу О.Б. Ломоносов атындагы мектептин 7-классынын окуучусу. Анын айтымында уулу 2024-жылдын сентябрь айынын тарта 8-класстын окуучулары А.Б. жана Т.Х. тарабынан коркутууларга кабыл болгон. Жаш өспүрүмдөр баланы бычак жана кастет менен коркутуп, мектептин жер төлөөсүнө чакырып алып акча талап кылып келишкен. Бала окууга жана спортко болгон кызыгуусун жоготуп, футболго да баргысы келбей калган.
«Менин уулумду жада калса сабак учурунда да чакырып, тамак-аш алып берүүгө мажбурлашкан. Мен баламдын телефонуна «Ата-энин көзөмөлүн» орноткондон кийин анан А.Б. жана Т.Х. менен жазышкан билдирүүлөрүн окуп, уулумдан коркутуп акча алып жатышкандарын түшүндүм. Балам акчаны «Э.Ы.» аттуу жарандын электрондук капчыгына которуп жана накталай да берип жүрүптүр»- деди аял.
Аял мектеп администрациясына кайрылганы менен эч кандай чара көрүлбөй, уулунун коопсуздугу камсыздалган эмес. Укук коргоо органдары аялдан арыз кабыл алганы менен жашы жете электер менен иштөөчү инспекция да эч кандай иш алып барган эмес.
Жамиля Жаманбаева Агартуу министрлигине жана ИИМге бул окуя боюнча укуктук баа берүүгө, мектеп жетекчилигинин, жашы жете электер менен иш алып барган инспекциянын жоопкерчиликсиз мамилесине баа берүү өтүнүчү менен расмий кат жолдогон. Министрлик мектеп директоруна сөгүш жарыяланганын билдирди.
ИИМ Ош ШИИБинин Сулайман-Тоо РИИБне текшерүү жүргүзүп, мектептеги рэкетчилик фактылары ырасталганын маалымдады.
Жашы жете элек өспүрүмдөр акча талап кылышканын моюндарына алышкан. Бирок КЖПКнын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, жаш курактарына байланыштуу кылмыш иши козголгон эмес. Өспүрүмдөр жашы жете электер менен иш алып барган инспекциянын каттосуна алынып, алардын ата-энелерине Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 102-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Жабыркаган баланын апасы О.А. кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечимин кайра кароону суранып, шаардык сотко арыз берген. Тергөө судьясы О.А.нын арызын жарым-жартылай канааттандырып, Ош ШИИБинин Сулайман-Тоо РИИБинин тергөөчүсү М.А.нын мектеп рэкетине кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечимин негизсиз деп таап, аны аныкталган мыйзам бузууларды жоюуга милдеттендирген. Бирок, кийин балдардын ата-энелери элдешүү келишимине келип, арызын артка чакырып алышкан.
Акыйкатчы Институтунун 2024-жылдагы докладына ылайык, балдардын укуктарынын бузулушуна байланыштуу, анын ичинде зомбулук жана буллинг фактылары боюнча 54 кайрылуу катталган.
Институт мектептеги рэкет жана зомбулук маселесин чечүү үчүн комплекстүү жана системалуу мамиле зарыл экенин белгилейт.
Жаңы окуу жылынын башталышы менен Акыйкатчы Институту төмөнкүлөрдү сунуштайт:
• Буллинг жана зомбулук фактылары тууралуу билдирүүлөрдү кабыл алуу үчүн анонимдүү байланыш (мисалы, Telegram-бот) түзүү;
• Бардык мектептерди квалификациялуу психологдор менен камсыз кылуу;
• 2015-жылы Акыйкатчы Институту ЮНИСЕФ менен биргеликте ишке киргизген «Зомбулуксуз мектеп» программасын кайра жандандыруу;
• Мектеп администрациялары жана милиция кызматкерлеринин аракетсиздигине жоопкерчиликти күчөтүү;
• Окуучуларга, мугалимдерге жана ата-энелерге балдардын укуктары, зомбулук жана буллинг темасында үзгүлтүксүз тренингдерди жана лекцияларды өткөрүү;
• Мекемелер аралык кызматташтыкты күчөтүү — Агартуу министрлиги, ИИМ, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коом биргеликте иш алып барышы керек;
• Жашы жете электерди тарбиялоо жана окутуу боюнча ата-энелердин өз милдеттерин аткарбагандыгы үчүн административдик жоопкерчилигин күчөтүү.