Судандагы жер көчкүдөн кеминде 1000 адам набыт болгонун Reuters агенттиги кабарлады.
Судан армиясы менен Түндүк Дарфур штатындагы Ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн (RSF) ортосундагы катуу салгылашуулардан качып, айыл тургундары азык-түлүк жана дары-дармек жетишсиз болуп жаткан Марра тоолоруна баш калкалаганы айтылат.
Марра тоолорунда болгон чоң жер көчкү бүтүндөй бир айылды толугу менен басып, көп сандаган адамдардын өлүмүнө алып келген.
Суданды боштондукка чыгаруу кыймылынын өкүлү кырсык айылды толугу менен басып калганын ырастады. Жер көчкү аймакка катуу жааган жамгырдан кийин болгон. Кыйроонун масштабы ушунчалык чоң болгондуктан, айылды кайра куруу мүмкүн болбой калган.