Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад шаарында өткөн рейддин жүрүшүндө алкоголдук продукция (самогон) өндүргөн объект аныкталды.
Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, ай сайын 1 тоннадан ашык самогон өндүрүлгөн.
«Текшерүүнүн жыйынтыгында 29 баррель, 5200 литрге жакын алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана андан ары сатуу үчүн табылган», — деп билдирди Мамлекеттик салык кызматы.
Салык кызматы уруксат документтери жок алкоголдук продукцияны өндүрүү, сатуу мыйзамды одоно бузуу болуп саналарын жана аракеттеги мыйзам талаптарына ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертет.