ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи Май райондук бөлүмүндө туруктуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Аталган бөлүмдүн айрым жетекчилери көп жылдар бою кол алдындагылардан коммерциялык объектилерде кошумча күзөт кызматын көрсөтүүгө уруксат берүү үчүн акча талап кылып келгени аныкталган.
Ошондой эле бул коррупциялык схемага Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы О.С.С.тин катыштыгы бар экендиги аныкталган. Анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда 46 миң АКШ доллары жана 5 млн 890 миң сом акча каражаттары табылып, шектүү алардын келип чыгышын түшүндүрө алган эмес. Ошондой эле 9×17 мм калибриндеги 32 даана эсепке алынбай калган ок-дарылар табылган.
Кармалгандардын баары УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.