Бүгүн, 2-сентябрда Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүнүн бөлүктөрү оңдоп-түзөө үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Л.Толстой көчөсүнүн төмөнкү тилкелери убактылуу жабылды:
Асаналиева көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейин;
Садырбаев көчөсүнөн Термечиков көчөсүнө чейин.
Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү ачык. Ал жерге 2 катмар асфальт төшөлүп, бордюрлар жана жол белгилери орнотулуп, маркировкалар коюлган.
Шаар бийлиги айдоочулардан жана шаардыктардан убактылуу ыңгайсыздыктарды эске алып, каттамдарын алдын ала пландап алууну суранат.