04:28
USD 87.39
EUR 102.55
RUB 1.08

ӨКМнин куткаруучулары Ала-Арчада дайынсыз жоголгон балдарды табышты

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркынын жогору жагында дайынсыз жоголгон 4 өспүрүм аман-эсен куткарылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 31-августта «112» кызматына 15 жаштагы С.Э., С.У., Н.А. жана 16 жаштагы О.И. дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун Ала-Арча паркында нөөмөттө турган 5 куткаруучусу тартылган.

Ыкчам чаралардын натыйжасында жаш балдар аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар