Жер астындагы орточо басымдагы газ түтүгүн куруу иштерине байланыштуу 1-сентябрдан 5-сентябрга чейин Борбор калаанын бир бөлүгүндө жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу «Бишкекгаз» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Төмөнкүлөр менен чектелген аймакта газ өчүрүлдү:
Акиев көчөсү, Чүй проспектиси, Москва, Ибраимов, Осмонкул көчөлөрү;
Фрунзе, Кулатов кечелеру.
Иш шаар мэриясынын демилгеси менен жүргүзүлүүдө. Бул курулуш иштерине байланыштуу газ түтүгүнүн бузулган участогун башка жакка көчүрүү менен байланыштуу болууда.
Газ кызматы өчүрүү учурунда жашоочулардан альтернативдүү энергия булактарын колдонууну суранат жана убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.