13:02
USD 87.39
EUR 102.05
RUB 1.09

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктады.

Ал белгилегендей, Билим күнү жаркын келечек үчүн терең билим алууга чакырган олуттуу майрам.

«Доор өзгөрөт, бирок билимдин мааниси эч качан өзгөрбөйт. XXI кылымда да билим берүү тармагы башкы багыт, негизги күч бойдон кала берет. Өнүккөн мамлекеттерде билим берүү саясий, маданий, экономикалык жана башка өнүгүүлөр менен эриш-аркак жүргөнү — буга айдан ачык күбө», -деди мамлекет башчысы.

Биз билим берүү системасы мамлекеттин узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн негизи болуп саналарын, билим берүүгө жумшалып жаткан инвестициялар өлкөнүн келечеги үчүн негизги салым экенин эң жакшы түшүнөбүз.

Бүгүнкү күндө биздин башкы максатыбыз — сандан сапатка өтүп, ар бир окуучуга терең жана сапаттуу билим берүү. Бул үчүн мезгил талабына жараша алдыга умтулган, күжүрмөн мугалимдерибиздин кызмат шарттарын жакшыртуу, айлыкты көтөрүү сыяктуу демилгелерди мамлекет колдоп келе жатат.

Ошону менен бирге, билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында заманбап инфратүзүмдөрдү куруу, санарип технологияларды кеңири колдонуу жана кадрлардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жаатында бир катар аракеттер жасалууда.

Бүгүнкү санарип технологиялар, жасалма интеллект жана биотехнологиялар өнүгүп жаткан доордо сапаттуу билим берүүнү негиз катары кабыл алып, билим берүү системасын эл аралык агартуу мейкиндиги менен интеграциялоо үстүндө иш алып баруудабыз. Билим берүү ыкмаларын жаңылоо, атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоо үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү — мамлекеттин артыкчылык берилген багытына айланды.

Кыргыз элинде Алтын казык жылдызы багыт берүүчү, жол көрсөтүүчү белги катары кабыл алынып келген болсо, билим берүү жаатындагы «Алтын казык» программасы заман менен тең агып, жаңыча ой жүгүртүп, жаңы жашоого багыт берген билим берүүнүн символу болуп саналат.

Бүгүнкү педагогдордун миссиясы — «Алтын казык» программасын жаңы доордун шартында шам катары колдонуп, ар бир окуучуга терең билим берүү. «Алтын казык» мугалимдерибиз үчүн методикалык, моралдык жана маданий жактан багыт, окуучуларыбызга келечекке жол ачкан зор күч, ал эми коом үчүн жалпы өнүгүүнүн компасы болуп берерине бекем ишенем.

Эң көп окулган жаңылыктар