Жаңы окуу жылына карата өлкө аймагы боюнча 110 курулуш объектиси, анын ичинде 57 мектеп жана 20 бала бакча пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Мектептерди облустар боюнча бөлүп карай турган болсок:
Бишкек — 1
Чүй облусу — 2
Баткен облусу — 3
Жалал-Абад облусу — 24
Ысык-Көл облусу — 9
Нарын облусу — 5
Ош облусу — 11
Талас облусу — 2.
Аймактар курулган бала бакчалар:
Бишкек — 2
Чүй облусу — 1
Жалал-Абад облусу — 5
Ысык-Көл облусу — 6
Нарын облусу — 1
Ош облусу — 5