13:06
USD 87.39
EUR 102.05
RUB 1.09

Эгемендүүлүк майрамы. Кыргыз-казак төкмө акындарынын XVIII айтышы аяктады

Эгемендүүлүк күнүн улай, кыргыз-казак төкмө акындардын XVIII эл аралык айтышы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Маданият маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Айтыш президенттин колдоосунда өтүп, Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына, Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгына, Рахматулла Козукеевдин 70 жылдык мааракесине арналды.

Жалпы фонду 3 млн сомду түзгөн айтыштын соңунда калыстар тобу төмөнкүдөй жыйынтык чыгарды.

Кыргыз акындарынын арасында:

Баш байге — Мамбеттокто Мамбеторозо уулу;

1-орун — Нурсултан Малдыбаев;

2-орун — Акматбек Султан уулу;

3-орун — Нурайым Бактияр кызы.

Казак акындарынын арасында:

Баш байге — Нурлан Эсенкул;

1-орун — Дидар Камиев;

2-орун — Хазырет Бердихан;

3-орун — Нурзат Кару.

Эң көп окулган жаңылыктар