18:55
USD 87.39
EUR 102.55
RUB 1.08

Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен Тяньцзинь шаарында жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп жактуу күн тартибиндеги негизги маселелер, анын ичинде ШКУнун алкагындагы өз ара аракеттенүү келечеги, логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана чек арадагы өткөрүү пункттарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле финансылык, маданий-гуманитардык, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо боюнча пикир алмашышты.

КЭР төрагасы Си Цзиньпин Мамлекет башчысын тосуп алып, тараптар жыл башынан бери эки жолу жолугушуу өткөрүп, анда эки жактуу мамилелерди өнүктүрүү пландары аныкталганын жана кызматташуу маселелери боюнча кеңири өз ара түшүнүшүүгө жетишилгенин белгиледи.

Кытай лидери Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, өлкөгө гүлдөп-өсүү жана бакубатчылык каалады. Ал өнүгүү стратегияларын тереңдетүүгө жана модернизация жолунда бирге жылууга даярдыгын билдирди.

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде Си Цзиньпинге жана Кытай Өкмөтүнө Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан берки күндөрдөн тарта өлкөгө тынымсыз көңүл буруп, экономикасын өнүктүрүүгө үзгүлтүксүз жардам берип келгени үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын жана Казакстандагы июнь айындагы жолугушуулардын жүрүшүндө жетишилген бардык макулдашуулар ырааттуу түрдө жүзөгө ашырылып жатканын, бул эки тараптуу мамилелерди, достукту жана ынак коңшулаштыкты өнүктүрүүдө жаңы маанилүү ийгиликтерге жол ачарын белгиледи.

Бул контекстте Садыр Жапаров Си Цзиньпинди 2026-жылы Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырып, кызматташтыктагы жаңы ийгиликтер бул сапардын символикалык туу чокусу болоруна ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы кытай тарапты Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан бир катар ири инвестициялык долбоорлор менен тааныштырды. Буга байланыштуу КЭР төрагасы кытай компанияларын аларды, анын ичинде «Тамчы» атайын каржы-инвестициялык аймагын жана «Ала-Тоо Резорт» туристтик комплексин түзүү долбоорлорун ишке ашырууга чакырууга даяр экендигин билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн элинин жыргалчылыгы үчүн өз ара ишенимге жана сый-урматка негизделген стратегиялык өз ара аракеттенүүнү мындан ары да өнүктүрүүгө умтуларын билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

Эң көп окулган жаңылыктар