15:48
USD 87.38
EUR 101.75
RUB 1.08

ШКУ саммити: Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуу Кыргызстанга өтөт

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) 2025-2026-жылдары төрагалык кылуу Кытайдан Кыргызстанга өтөт. Бул тууралуу журналисттерге орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.

«2025-2026-жылдары Кыргыз Республикасы ШКУга төрагалык кылат. Албетте, биз кыргызстандык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташып, керек болсо аларга ар тараптан колдоо көрсөтөбүз», — деди ал.

Эске сала кетсек, бүгүн 31-августта Кытайдын Тяньцзинь шаарында ШКУнун саммити башталат. Иш-чарага рекорддук сандагы катышуучулар: 20дан ашык мамлекет башчылары, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Тяньцзинге катышуучу өлкөлөрдүн гана эмес, башка көптөгөн мамлекеттердин лидерлери келет. Чакырылгандардын арасында Казакстан, Орусия, Беларусь, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Иран, Түркия, Монголия, Азербайжан жана Түркмөнстандын президенттери, Индия, Пакистан, Армения, Египет, Камбоджа, Малайзия, Непал, Вьетнам, Лаос жана Мальдив аралдарынын өкмөт башчылары бар.

Саммиттин негизги жыйынтыктоочу документи ШКУнун 2035-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын кабыл алуу болот.Бул фундаменталдык документ аймактагы коопсуздукту, туруктуулукту жана экономикалык кызматташтыкты камсыз кылууда негизги оюнчу катары анын ролун камсыз кылуу менен жакынкы он жылдыкка уюмдун узак мөөнөттүү максаттарын жана ишинин багыттарын аныктайт.

Стратегиядан тышкары, ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 25-жыйынынын жыйынтыгы боюнча уюмга мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн укуктук базасын бекемдей турган бир катар башка олуттуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар