2026-жылы Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы Талас облусунда белгиленет. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Жалал-Абадда облустун жаңы административдик имаратынын ачылыш аземинде билдирди.
Мамлекет башчысы кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, өлкөнүн башкы майрамын ар кайсы аймактарда белгилөө салты ар бир облуска бирдей көңүл бурууну жана мамлекеттин биримдигин билдирерин баса белгиледи.
«Эгемендүүлүк майрамын биз жыл сайын ар башка облустарда белгилеп келебиз: буга чейин берекелүү Чүй өрөөнүндө, андан кийин байыркы Ош шаарында өткөрсөк, быйыл барган сайын гүлдөп өнүгүп жаткан Жалал-Абад шаарында белгилеп жатабыз.
Майрамды ар бир облуста белгилөө чечими — бул өлкөнүн жети облусуна бирдей көңүл буруунун белгиси, биз борбор менен аймактарга бөлүнбөстөн, бирдиктүү эгемендүү мамлекет экенибиздин далили. Кудай буюрса, келерки жылы 35 жылдыгын Талас облусунда өткөрөбүз», — деди президент.