Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Миң-Өрүк айылындагы Нышанбай Алыкулов атындагы мектептин жаңы имаратын ачты. Иш-чара бүгүн, 30-августта облуска болгон жумушчу сапарынын алкагында болгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы азыркы учурда мамлекет биринчи кезекте келечек муунга кам көрүшү керектигин белгиледи.
«Айыл болобу, шаар болобу окуучуларыбыздын мыкты окуп чыгышы үчүн оболу мектептердеги абалды: эскилерин жаңыртып, кошумча имаратка муктаждарына жаңы корпустарды салып берип оңдоп жатабыз. Мындай камкордук Нышанбай Алыкулов атындагы мектепке да көрсөтүлдү. Мектептин жаңы имараты заман талаптарына жооп берет, балдардын билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн», — деди президент.
Мурда мектептин имараты эки корпустан турган. 1890-жылы имараттардын бири 10 бөлмөгө ылайыкталып курулган. 1928-жылдан баштап ал кайрадан жабдылып, 10 класстык бөлмөсү бар мектеп катары колдонула баштаган. Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш материалдары көп жылдык пайдалануудан улам эскирип кеткени аныкталган: пайдубалы чөгүп кеткен, ал эми негизги дубалдарда жаракалар пайда болгон, ошондуктан мектептин жаңы имаратын куруу чечими кабыл алынган.