Кыргызстандын түштүгүндө жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө бир күн мурун, 29-августта саат 17:32де катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргыз Республикасынын аймагында: Токтогул шаар тибиндеги поселкасынан 12 чакырым түндүк-чыгышта, Ош шаарынан 160 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Арал, Куйбышев атындагы, Кызыл-Туу, Жаңы-Жол айылдарында 3,5 балл, Токтогулдун шаар тибиндеги поселкаларында 3,5 балл, Терек-Суу, Кара-Суу, Комсомол, Кетерме, Торкент, Сары-Тегет, Сары-Тегет айылдарында 3,5 баллга жеткен. Ак-Тектир, Кушчу-Суу, Мазар-Суу, Чолпон-Ата, Чоң-Арык, Кырк-Казык, Кара-Жыгач, Үч-Терек, Кемен-Тебе — 2,5 балл.