Эртең, 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкектин борбордук көчөлөрү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 6:00дөн 00:00гө чейин Ала-Тоо аянтында жана Эски аянтта, ошондой эле айрым тилкелерде унаа кыймылына чектөө киргизилет:
Чүй проспектиси — Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин;
Абдумомунов көчөсү — Орозбековдон Раззаковго чейин.
Муниципалитет көрүлгөн чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну жана каттамыңызды алдын ала пландаштырууну суранат.