05:19
USD 87.36
EUR 101.71
RUB 1.08

Бишкекте мыйзамсыз менчиктештирилген муниципалдык жерлер аныкталды

Бишкекте административдик-аймактык реформанын алкагында борбордун Свердлов районунун курамына кирген Садовое жана Аламүдүн айылдарында бир катар муниципалдык жер тилкелери мыйзамсыз жеке менчикке өткөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-2024-жылдары бир катар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызмат адамдары ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, КР президентинин «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» жарлыгында көрсөтүлгөн тыюуга карабастан, 1,01 га жайыт, 400 чарчы метр токой, 200 чарчы метр жалпы пайдалануудагы жол жана 958 чарчы метр суу коргоо зонасынын аймактарында жайгашкан жалпы 18 жер тилкесин турак жай куруу үчүн мыйзамсыз жеке менчикке берип жиберишкен.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар