01:45
USD 87.36
EUR 101.71
RUB 1.08

Президент автобус айдоочуларга тыгын боюнча кайрылды

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы. Садыр Жапаров автобус айдоочуларга тыгын боюнча кайрылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-августта Бишкектеги электробустар жана газ менен жүрүүчү автобустарды тейлөөчү жайдын ачылыш аземинде айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө кайрылды.

Мамлекет башчы айдоочуларды автобустарды аярлап айдоого, жол эрежесин сактоого, ал эми жүргүнчүлөрдү айдоочулардын эмгегин сыйлоого чакырды.

«Мен шаар ичинде өзүм дайыма машина айдап жүрөм. Бир күндө чыгып 4-5 саат шаар кыдырып келсем, 10-15 автобус аялдамада так ушундай көрүнүштү көрөм. Жетип-жетпей келип токтоп алат, аркасында 5-6 автобус күтүп турат, анын аркасында 20-30 жеңил машина күтүп турат. Ошондуктан кимиңер биринчи келип токтосоңор дагы тээ алды жагына барып токтогулачы, сураныч силерден. Көп болсо эл бир 20-30 метр жерге басып барып түшөт. Андан эл эч нерсе болуп кетпейт. Бирок артыңарда 4-5 автобуска орун калтырып токтосоңор «пробка» дагы болбойт», — деп баса белгиледи президент.

Садыр Жапаров ошондой эле жүргүнчүлөрдү айдоочулар менен урушпоону жана алардын эмгегин баалап, уруксат берилбеген жерге токтоп турууну талап кылбоону өтүндү.

Эң көп окулган жаңылыктар