Кытайдан келген инвесторлордун арызынын негизинде Ош шаарында жайгашкан «Мухаммед Умар» спорт клубунан чыккан «Шрам», «Череп» өңдүү каймана аттар менен белгилүү болгон УКТ мүчөсү А.у.А. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Белгиленгендей, А.у.А. кытайлык ишкерден алдамчылык жол менен анын «Лексус GX 460» үлгүсүндөгү унаасын алып, сатып жиберген.
"Козголгон кылмыш ишинин алкагында А.у.А. кармалып, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына камакка алынды. Учурда анын мындан бөлөк башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча иштер жүрүүдө",-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун ар кандай көрүнүштөрүнө каршы ырайымсыз күрөшүү уланууда.