05:09
USD 87.36
EUR 101.71
RUB 1.08

Кыргызстанда Азия Кубогунун тандоо оюндары өтөт. Оюндардын ырааттамасы

2025-жылдын 3-сентябрынан 9-сентябрына чейин Кыргызстандын борборунда 2026-жылы финалдык баскычы өтө турган олимпиадалык командалар (U-23) арасында Азия Кубогуна тандоо оюндары өтөт.

Турнирдин кийинки баскычына жолдомо үчүн Кыргызстан, Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланканын командалары ат салышат. Бардык беттештер Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Оюн тартиби:

3-сентябрь

— 16:00. Өзбекстан — Шри-Ланка

— 20:00. Палестина — Кыргызстан

6-сентябрь

— 16:00. Шри-Ланка — Палестина

— 20:00. Кыргызстан — Өзбекстан

9-сентябрь

— 16:00. Өзбекстан — Палестина

— 20:00. Кыргызстан — Шри-Ланка

Билеттердин баасы 500 сом.

Эң көп окулган жаңылыктар