АКШнын Миннеаполис шаарындагы католик мектебинде атышуу болуп, эки бала каза болуп, 14 бала жарадар болгонун CNN билдирди.
Шаар полициясынын башчысы Брайан О’Харанын айтымында каза болгондор 8 жана 10 жашта. Жаракат алган 17 адамдын 14ү 6 жаштан 14 жашка чейинки балдар экендиги айтылды.
Анын бул иш-аракетинин себеби азырынча белгисиз. Полиция кылмышкер делген адамдын кылмыш тарыхы жок экенин, анын мектеп менен байланышы бар-жогу белгисиз экенин тактады.
Полициянын маалыматына ылайык, кол салгандан кийин кылмышкер өзүн өзү атып салган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы белгиленет.