Синоптиктер Бишкекте аптанын экинчи жарымында күн ачык жана ысык болорун айтышууда.
28-29-августта күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +17 градус, күндүз +36 градуска чейин жылыйт.
30-августта өзгөрүлүп турат. Түнкүсүн +18 градуска жакын, күндүз +34 градуска чейин жылыйт.
31-августта бир аз суук болуп, түнкүсүн +15 градус, күндүз термометрлер +29 градуска чейин көтөрүлөт.