Жеңиш чокусунда буту жабыркап, түшө албай калган россиялык альпинист Наталья Наговицынанын абалын байкоого учкучсуз аскердик учактар да тартылган. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, альпинисттин кырсыктап, аскадан түшө албай калганы тууралуу кабар түшкөндөн тартып тийиштүү мамлекеттик кызматтар аны эвакуациялоо боюнча болгон аракеттерди көрүшкөн.
«Анын ичинде альпинистти издөө анан абалына баам салуу максатында учкучсуз аскерий учактар да тартылган», — деп жазды ал.
Куткаруучулардын бардык аракеттерине карабастан, альпинистти экстремалдык бийиктиктен эвакуация жүргүзүүгө мүмкүн болгон жок. Начар аба ырайынын тоскоолдугунан улам Наталья Наговицынага жетүү кыйынчылык жаратууда.
Белгилей кетсек, Жеңиш чокусунун бийиктиги 7439 метр. Бул дүйнөдөгү эң бийик тоолордун бири деп эсептелет. Анда жалпысынан 80ден ашуун альпинист каза болгон.