18:45
USD 87.35
EUR 101.23
RUB 1.08

Эгемендүүлүк күнү: Жалал-Абаддагы майрамдык даярдыктардын видеосу жарыяланды

Жалал-Абад шаарында 31-август Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө даярдык кызуу жүрүүдө. Шаардагы айланма жолдордо посттор орнотулуп, коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө.

Быйылкы негизги майрамдык иш-чаралар Жалал-Абад шаарында өтөт. Президент 30-августта катышып, анда бир катар социалдык объектилерди, анын ичинде облустук администрациянын жаңы имаратын ачары күтүлүүдө.

Майрамга даярдыктардын видеосу буга чейин социалдык тармактарга жарыяланган. Шаардын борбордук аянтында жүздөгөн артисттердин катышуусунда масштабдуу маданий программа иштелип жатат. Жергиликтүү тургундар майрамды «тамак-аш менен тосуу жакшы» деп тамашалап белгилешет, анткени майрам күндөрү базарлар жабылышы мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар