16:44
USD 87.35
EUR 101.48
RUB 1.08

Баткенде 10 миң орундуу стадион курулат

Баткенде 10 миң орундуу стадион курулат. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, объекттин жалпы аянты 10 гектарды түзөт. Стадиондо үч чоң жана төрт кичи футбол аянтчалары болот. Ошондой эле спорт комплексинде 120 орундуу беш кабаттуу жатакана жана 200 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай болот.

«Жаңы стадион аймактык, улуттук жана эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүүчү жайга айланат», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Өзгөн шаарында жаңы стадион ачылып, Ош шаарында борбордук стадионду реконструкциялоо иштери башталган.

Эң көп окулган жаңылыктар