4-сентябрдан 8-сентябрга чейин Бишкекте түрк киносунун күндөрү өтөт.Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ачылыш аземинде «Баардыгы өлсө, бир күн» көркөм тасмасынын бет ачары болот. Бул Түркиядан «Оскар-2025» сыйлыгына расмий талапкер. Тасманы анын режиссёру жана башкы ролду ойногон Мурат Фиратоглу тартуулайт.
Иш-чаранын кызыл килемине түркиялык белгилүү актёр жана актрисалар чыгат: Дамла Сонмез, Йылдыз Чагри Атиксой, Эжем Сена Байыр, Дуйгу Мержан, Бариш Кылыч жана Анил Алтан. Мындан тышкары көрүүчүлөр сунушталган тасмалардын режиссерлору жана продюсерлери менен жолугуша алышат.
Бул маданий иш-чара Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Кинематография департаменти, Түркия Республикасынын Бишкектеги элчилиги жана «Йерли Дүшүнже» коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.
Маалым болгондой, иш-чара Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы маданий байланышты чыңдоо максатын көздөйт.
Бардык көрсөтүүлөр «Ала-Тоо» кинотеатрында өтөт, кирүү акысыз.
Тасмаларды көрсөтүүнүн программасы:
• 4-сентябрь: «Хемменин өлгөн күндөрүнүн бири» — реж. Мурат Фыратоглу
• 5-сентябрь: «Сүйүү байланыштары» — реж. Хакан Куршун
• 6-сентябрь: «Акылдан жүрөккө» — реж. Өзер Фейзиоглу
• 7-сентябрь: «Хай Хак Карагөз — Хаживат» (анимациялык тасма) — реж. Кенан Акташын
• 8-сентябрь: «Эрке» — реж. Онур Үнлү