14:01
USD 87.37
EUR 102.26
RUB 1.08

Кыргызстандын 550дөн ашык айылы борборлоштурулган суу менен камсыз болот

Кыргызстанда 550дөн ашык айыл борборлоштурулган суу менен камсыз боло турганын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация» мамлекеттик мекемеси тарабынан айыл калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча мамлекеттик программа жана долбоорлор ишке ашырылууда.

Долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу жана курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү боюнча тизмеге республиканын бардык аймактарында 558 айыл кирди. Анын ичинен 330у республикалык бюджеттин эсебинен, 228и мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун алкагында каралат.

Айыл чарба министрлиги учурда 20 айылда курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатканын, 73 айылда долбоордук-сметалык документтери түзүлүп, 237 айылда сатып алууларды уюштуруу жана даярдоо боюнча баштапкы документтер топтолуп жатканын белгиледи.

Мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун алкагында 228 айыл камтылган, анын ичинен:

43 — Нарын облусунун айылдарын суу менен камсыздоону жана канализацияны өнүктүрүү программасынын алкагында;

94 — «Айылды суу менен камсыздоону жана канализацияны туруктуу өнүктүрүү» долбоору боюнча;

31 — «Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу кызматтарын жакшыртуу» долбоору боюнча;

60 — «Баткен жана Талас облустарынын айыл аймактарын суу менен камсыздоону жана канализацияны жакшыртуу» долбоорунун алкагында.

100 айылда иш бүткөрүлүп, объектилер ишке берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар