Казакстандын Чымкент шаарында ок атуу боюнча 16-Азия чемпионаты өтүүдө. 29 өлкөдөн 756 спортчу катышууда.
Өлкөнүн ок атуу спорту боюнча федерациясынан билдиришкендей, Кыргызстандын командасы бул абройлуу мелдештерде ПП-60 (тапанча), ВП-60 (мылтык) жана MV-60 (мылтык) түрлөрү боюнча катышып, жакшы көрсөткүчтөргө ээ болду.
Тапанча атуу боюнча мелдеште Анвар Ибраимов менен Кайыргүл Кубанычбекова коло медалга ээ болушту. Мылтык атуу боюнча Абдураззак Муратов менен Жибек Бекташова Кыргызстанга дагы бир коло байгелүү болду.
«Ошентип, биздин спортчулар эки жолу подиумга көтөрүлүп, Кыргызстандын ок атуу мектебинин эл аралык аренадагы жогорку деңгээлин тастыктады», — деп айтылат маалыматта.