12:53
USD 87.37
EUR 102.26
RUB 1.08

Чолпон-Атада кыргыз-герман бизнес-форуму жана Ишкердик кеңешинин отуруму өтөт

Бүгүн, 26-августунда Чолпон-Ата шаарында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда «Кыргызстандагы Германия экономикасынын күнү» кыргыз-герман бизнес-форуму жана кыргыз-герман Ишкердик кеңешинин IV отуруму өтөт.

Кыргыз-Герман ишкердик кеңешинин IV отуруму Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине арналат.

Форумдун программасында эки тематикалык панелдик сессия каралган:

• «Энергетика тармагындагы долбоорлор» — «жашыл» энергетика жана инфраструктура багытындагы кызматташтык маселелери талкууланат;

• «Экспорттук потенциал жана логистика: Ортоңку коридордун мүмкүнчүлүктөрү» — соода жолдорун өнүктүрүү жана логистикалык чынжырларды азыркы чакырыктарга ылайыкташтыруу боюнча пикир алмашуу болот.

Түштөн кийин Кыргыз-Немис ишкердик кеңешинин жыйыны өтүп, анда кыргыз-немис соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык негизги тема катары каралат.

Эң көп окулган жаңылыктар