01:09
USD 87.37
EUR 102.26
RUB 1.08

Ысык-Көлдө мурдагы жашылча-жемиш совхозунун жерлери мамлекетке кайтарылды

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети «Ынтымак» ААКнын (мурдагы Балыкчы жашылча-жемиш совхозу) жерлерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган акционердик коом тарабынан Ысык-Көл районунун Григорьевка жана Ананьева айылдарынын аймагында жайгашкан, аянты 15,3 жана 20,1 гектарды түзгөн көп жылдык жарактуу бак-дарактары бар жер тилкелерине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылары (башкача айтканда «кызыл китеп») мыйзамсыз алынгандыгы аныкталды.

Аталган жер тилкелери Ысык-Көл райондук администрациясынын 2000-жылдын 3-майындагы токтомунун негизинде мыйзам бузуу менен берилгени аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында жер тилкелери мамлекеттин менчигине кайтарылып, тиешелүү баланска коюлду.

Эң көп окулган жаңылыктар