Бишкекте Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинин түштүк тарабы оңдоо иштеринен кийин ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы. Бишкекте Чүй-Курманжан Датка кесилишинин түштүк тарабы оңдоодон кийин ачылды
Маалыматка ылайык, бул тилкеде эки катмар асфальт төшөлгөн. Эми автобус каттамдары мурдагы жол кыймылы менен каттай баштайт.
Эскерте кетсек, Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинин түштүк тарабы 23-августтан тарта оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.