02:55
USD 87.37
EUR 102.26
RUB 1.08

Кыргызстанда айрым дары-дармектерди убактылуу алып келүү жеңилдеди

Каттоосуз алып келүүгө жана медициналык колдонууга убактылуу уруксат берилген дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды атайын тизмеге киргизүүнүн тартиби жана критерийлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилди. Тиешелүү токтомго Адылбек Касымалиев кол койду.

Министрлер кабинети кабыл алган токтомго ылайык, каттоосуз ташып келүүгө жана медициналык колдонууга убактылуу уруксат берилген дары препараттарынын жана медициналык буюмдардын атайын тизмегин түзүү тартиби жана дары препараттарын жана медициналык буюмдарды чыгаруу, киргизүү критерийлери тиркемеге ылайык бекитилди.

Токтом саламаттык сактоо системасы үчүн зарыл болгон, бирок Кыргызстандын аймагында мамлекеттик каттоодон өтпөгөн же 6 ай жана андан ашык мезгил ичинде алып келинбеген дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды убактылуу ташып келүү жана пайдалануу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн иштелип чыккан.

Ошондой эле дары препараттарына жана медициналык буюмдарга болгон муктаждыктарга, өзгөчө, катталган жана рынокто жеткиликтүү болгон жашоо үчүн маанилүү препараттардын жана медициналык буюмдардын жетишсиздигинин шарттарында тез арада жооп берүү зарылчылыгы болуп саналат. Атайын тизмеге киргизүү каттоодон өтпөгөн препараттарды жана медициналык буюмдарды колдонууга убактылуу уруксат берүүгө, муну менен өзгөчө кырдаалдарда жана саламаттык сактоо тармагында өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо дарылоого жетүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Киргизүүнүн негизги критерийлери болуп төмөнкүлөр саналат: катталган соодалык аталыштардын жоктугу, 6 айдан ашык дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып келүүнүн жоктугу. Арыздарды кароонун жол жобосу атайын түзүлгөн комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат, анын курамы жана жобосу саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.

Эң көп окулган жаңылыктар