Бүгүндөн тарта Ахунбаев көчөсүнүн 7-апрель көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган тилкеде асфальт төшөө толугу менен жаңыланып, жаңы бордюрлар орнотулуп, жол сызыктары тартылып, жаңы жол белгилери орнотулду.